Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ЕАЭБ Сотунун VIII Эл аралык конференциясына катышууда
2025-жылдын 20-ноябрында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) «Евразия экономикалык биримдигинин мейкиндигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу» темасындагы Евразиялык экономикалык союздун Сотунун VIII Эл аралык конференциясы өз ишин баштады.
Иш-чара офлайн жана онлайн форматтарда өтүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жогорку сот органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык жана интеграциялык укук боюнча адистерди бириктирди. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан конференцияга онлайн форматта судья Чинара Айдарбекова катышууда.
Форумдун биринчи күнүндө расмий ачылыш иш-чарасы болуп өтүп, андан кийин ЕАЭБ мейкиндигинде мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда Союз Сотунун ролуна арналган сессия өз ишин баштады. Сессиянын алкагында катышуучулар интеграциялык сот адилеттигин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, ЕАЭБ укугун улуттук укуктук системаларда бирдей колдонууга жетишүү жолдорун, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоо үчүн мүчө-мамлекеттердин жогорку сот органдарынын өкүлдөрүнүн мазмундуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аспектилерин талкуулашты.
Талкуу учурунда судья Чинара Айдарбекова ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сот органдары үчүн туруктуу кесиптик диалогдук аянтча түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мындай өз ара аракеттенүү сот органдарынын тажрыйба менен билим алмашуусуна өбөлгө түзүп, күн тартибиндеги конкреттүү жана так коюлган маселелер боюнча макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Конституциялык көзөмөл органдарынын ролуна токтолуп, Чинара Айдарбекова бардык конституциялык соттор Конституциянын үстөмдүгү принципин бекем карманууга тийиш экенин, ал эми алардын чечимдеринде чагылдырылган укуктук позициялар мыйзам чыгаруучулар жана укук колдонуучу органдар үчүн маанилүү концептуалдык багыттарды түзөрүн белгиледи. Ал ошондой эле конституциялык текшерүүнүн предметине кирген айрым укуктук маселелер ЕАЭБ Сотунун кароосуна да алынышы мүмкүн экенин айтып, соттордун практикалары менен тажрыйба алмашуу алардын актыларын натыйжалуу колдонуу жана аткаруу үчүн өзгөчө маанилүү экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, ал конституциялык соттор нормаларды чечмелөө, укуктук эксперттөө жана конституциялык принциптерди колдонуу багытында олуттуу тажрыйба топтогонун белгилеп, бул эксперттик потенциалды мүчө-мамлекеттердин жогорку соттору жана ЕАЭБ Соту менен бөлүшүү сунушталган кызматташтык форматынын алкагында өзгөчө баалуулукка ээ экенин баса белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул конференциядагы катышуусу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сот органдарынын кесиптик өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө, интеграциялык сот адилеттиги жаатында тажрыйба алмашууга жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында бирдиктүү укуктук мамилелерди калыптандырууга салым кошот.







