Меню навигации+

Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясынын XI конференциясы: аялдар менен кыздар үчүн жеткиликтүү жана коопсуз сот адилеттиги

05.12.2025

 Бишкек, 2025-жылдын 5-декабры

 

Бишкек шаарында “Аялдардын жана кыздардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгү. Гендердик зомбулуктун алдын алуу” аттуу XI ар жылдык конференция болуп өттү. Иш-чара “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” КУ тарабынан эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда уюштурулду. Конференцияда аялдардын укуктарын коргоого тоскоолдук жараткан бөгөттөр жана гендердик-сезимтал сот практикасын өнүктүрүү ыкмалары талкууланды.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту АСКАнын демилгелерин салттуу түрдө колдоп келет. Пленардык сессияда Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев жана Конституциялык соттун судьясы, Ассоциациянын ардактуу мүчөсү Чинара Аскарбековна Айдарбекова сөз сүйлөштү.

 

Эмиль Осконбаев сот системасы сот адилеттигине реалдуу жеткиликтүүлүктү камсыздашы керектигин баса белгиледи:

“Ар бир аял жана ар бир кыз сотко коргоо алаарына жана анын укугу урматтааларына ишенип келиши керек”. Ал Конституциянын принциптерине каршы келген мыйзам колдонулбашы керектигин жана конституциялык контролго алынышы керектигин белгиледи.  Зомбулуктун алдын алуу – укуктук мамлекетти өнүктүрүүнүн ажырагыс элементи.

 

Чынара Айдарбекова сот адилеттигине болгон ишенимди бекемдөөнүн жана адистердин компетенциясын жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи:

“Биз ар бир аял колдоого жана түшүнүүгө таяна ала турган шарттарды түзүшүбүз керек. Зомбулукка орун жок болгон  коом ырааттуу жана кесипкөй иштин натыйжасында калыптанат”.

 

Конференциянын алкагында жабырлануучуларды колдоонун жаңы механизмдери, укуктук жөнгө салууну жакшыртуу жана зомбулуктун эртелеп алдын алуу зарылдыгы талкууланды. Конференциянын катышуучулары аялдарды коргоо эпизоддук чараларды эмес, сот адилеттигинин бардык институттарынын системалуу жана макулдашылган ишин талап кыларын белгилешти.

 

Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы жарандардын укуктук корголушунун сапатын жакшыртуучу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү кесиптик аянтча бойдон калууда.

 

Конституциялык сот ар бир адамга адилеттүү жана коопсуз сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн Ассоциация менен кызматташтыкты мындан ары да бекемдей бермекчи.