Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын Жаңы жылдык куттуктоосу
Урматтуу мекендештер! Ардактуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди келе жаткан Жаңы 2026-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
2025-жыл өлкөбүз үчүн олуттуу чакырыктардын, жоопкерчиликтүү чечимдердин жана орчундуу иштердин мезгили болду. Ал коом үчүн бекем укуктук негиздердин, мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалы – Конституцияны урматтоонун канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу көрсөттү. Бул баалуулуктардын негизинде ар дайым адам, анын укуктары жана эркиндиктери, адилеттүүлүк жана мыйзамдын үстөмдүгү турат.
Өтүп бараткан жыл сот системасы жана конституциялык сот адилеттиги үчүн ачык-айкындуулукту бекемдөө, соттук коргоонун сапатын жогорулатуу, конституциялык принциптерди ырааттуу бекитүү мезгили болду. Дал адилеттүү жана таразаланган чечимдер аркылуу коомдук ишеним, мамлекеттин туруктуулугу жана жарандардын эртеңки күнгө болгон ишеними калыптанат.
Бүгүнкү күндө мамлекеттин күчү адилеттүүлүккө таянууда, ар бир адамдын кадыр-баркын сыйлоодо, ошондой эле диалогго жана макулдашууга даяр болууда экенине көпчүлүк кошулат. Дал ушул баалуулуктар заманбап жана демократиялык Кыргызстандын өнүгүүсүнүн негизги тиреги болуп саналат.
Келе жаткан 2026-жыл ар бир үйгө бейпилдик, жылуулук жана бакубатчылык алып келсин, жаратмандыктын, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жана жаркын өзгөрүүлөрдүн жылы болсун. Сиздерге жана жакындарыңызга бекем ден соолук, ырыс-ынтымак, жаркын келечекке бек ишенич каалайм.
Жаңы жылыңыздар менен!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев






