Меню навигации+

Конституциялык сотто Ак калпак күнүнө карата флешмоб өттү

05.03.2026

5-мартта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Ак калпак күнүнө арналган флешмоб өткөрүлдү, ал кыргыз элинин улуттук каада-салтын сактоого жана жайылтууга багытталган.

 

Конституциялык соттун судьялары жана аппараттын кызматкерлери  бул демилгени колдошуп,  кыргыз маданиятынын башкы символдорунун бири болгон ак калпакты кийип чыгышты. Ак калпак эзелтеден эле ар-намыстын, кадыр-барктын жана акылмандыктын белгиси болуп эсептелет. Анын ак түсү ниеттин тазалыгын жана бийик адамгерчиликти символдоштурса, оюусу  кыргыз элинин дүйнө таанымын, табият менен байланышын чагылдырат.

 

Майрамга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев өлкө жарандарын  – Ак калпак күнү менен куттуктады.

“Ак калпак кыргыз элинин тарыхын, салт-санаасын жана руханий баалуулуктарын чагылдырган эң маанилүү улуттук символдордун бири болуп саналат. Өз тамырыбызга, улуттук символдорубузга жана маданий мурасыбызга болгон урмат-сыйды сактоо жана аяр мамиле кылуу — улуттук өзгөчөлүгүбүздү бекемдөөгө жана бай салттарыбызды кийинки муундарга өткөрүп берүүдө чоң мааниге ээ”, – деп белгиледи Эмиль Жолдошевич Осконбаев.

 

Ак калпак күнү Кыргызстанда жыл сайын 5-мартта белгиленет. Бул майрам 2011-жылы кыргыз элинин башкы символдорунун бирин сактоо жана даңазалоо максатында негизделген. Ошондон бери ал улуттук маданиятка, тарыхка жана руханий баалуулуктарга болгон урмат-сыйды бекемдеген жакшы салтка айланды.