Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын Нооруз майрамы менен куттуктоосу

20.03.2026

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Сиздерди Жаз жарчысы, кайра жаралуунун, тынчтыктын жана достуктун символу болгон Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

 

Кылымдарды карытып, муундан муунга уланып келген бул улуу майрам элибиздин бай тарыхын, руханий баалуулуктарын жана салт-санаасын айгинелеп турат. Нооруз табияттын жаңылануусун гана эмес, адамдардын жүрөгүндө жакшылыкка болгон ишенимди, ынтымакты жана өз ара сый-урматты да бекемдейт.

 

Бул жаркын майрам ар бир үйгө береке, бакубат жашоо жана молчулук алып келсин. Жүрөктөрүңүздөрдү жылуулукка, үмүткө жана жакшы тилектерге толтурсун.Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө багытталган ишмердүүлүгүңүздөрдө ийгиликтерди каалайм.

 

Нооруз майрамы элибизге тынчтык, биримдик жана жаркын келечек алып келсин!

 

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун төрагасы    Эмиль Осконбаев