Меню навигации+

КР Конституциялык сотунда КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиянын студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

03.04.2026

Конституциялык сот адилеттиги формалдуу чектөөлөрсүз — дал ушундай форматта Конституциялык сотто КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясынын студенттери менен жолугушуу өткөрүлдү.

 

Иш-чара өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен кызматташуу жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү. Студенттер үчүн бул окуу аудиториясынан сырткары чыгып, конституциялык көзөмөл органынын ишмердүүлүгү реалдуу шарттарда кандайча жүргүзүлөрүн көрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

 

Жолугушуунун программасы соттун ишмердүүлүгү менен практикалык багытта таанышуу катары түзүлдү. Катышуучулар сот жыйындары өтүүчү залга барышып, иштерди уюштуруу жана даярдоо этаптары менен таанышып, ошондой эле ачык сот отурумдарынын алкагынан тышкары жүргөн процесстер тууралуу түшүнүк алышты.

 

Иш-чаранын негизги бөлүгү судья Чинара Аскарбековна Айдарбекова менен баарлашуу болду. Диалогдун жүрүшүндө соттун ыйгарым укуктары, ошондой эле  анын ишмердүүлүгүнүн мазмундук жагы — чечим кабыл алуунун логикасы, конституциялык ченемдерди чечмелөө ыкмалары жана ар бир акттын өлкөнүн укуктук тутуму үчүн мааниси талкууланды.

 

Айрыкча кайрылуулар келип түшкөндөн  тартып акыркы чечимди кабыл алууга чейинки практикалык аспекттер чоң кызыгууну жаратты. Студенттер суроолорду берип, реалдуу кейстерди талкуулоого мүмкүнчүлүк алышты, бул  болсо жолугушууга колдонмо мүнөз берди.

 

Өткөрүлгөн иш-чара сот системасы менен жаштардын түз өз ара байланышына болгон суроо-талапты айкын көрсөтүп, мындай демилгелер болочок юристтердин кесиптик укуктук аң-сезимин калыптандырууда маанилүү экендигин тастыктады.