Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Кишинёвдо жасалма интеллект доорунда конституциялык сот адилеттигинин чакырыктарын талкуулашты

28.04.2026

Молдова Республикасынын Конституциялык сотунун чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Меергүл Рыскулбековна Бобукеева жана Лунара Чаткалбековна Жолдошева 2026-жылдын 24-апрелинде Кишинёв шаарында өткөн «Интернеттин өсүшү, фейк жаңылыктар жана жасалма интеллект шарттарындагы “идеялар рыногунун” келечеги: конституциялык соттор үчүн чакырыктар» темасындагы эл аралык конференцияга катышты.

 

Иш-чарага конституциялык көзөмөл органдарынын, эл аралык сот институттарынын, эксперттик коомчулуктун жана Европанын академиялык чөйрөсүнүн өкүлдөрү чогулуп, коомдук мейкиндикти санариптик трансформациялоого, жасалма интеллекттин өнүгүшүнө, пикир билдирүү эркиндигине арналган онлайн платформалардын ишмердүүлүгүнө жана конституциялык сот практикасынын контекстиндеги жасалма интеллектке байланыштуу азыркы көйгөйлөрдү талкуулашты.

 

Конференциянын алкагында санариптик доордо «идеялар рыногу» концепциясын кайра кароо, сот органдарынын алгоритмдер жана санариптик платформалар менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле технологиялык прогресс тездик менен өнүгүп жаткан шартта конституциялык сот адилеттигинин келечеги тууралуу тематикалык панелдик талкуулар өттү.Талкууларга Адам укуктары боюнча Европа сотунун, Европа Кеңешинин,

 

Венеция комиссиясынын өкүлдөрү, ошондой эле бир катар мамлекеттердин конституциялык сотторунун судьялары катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун өкүлдөрүнүн мындай эл аралык иш-чараларга катышуусу кесиптик тажрыйба алмашууга, алдыңкы соттук практиканы үйрөнүүгө жана конституциялык сот адилеттиги жаатындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.