Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 271-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

2026-жылдын 18-февралында Конституциялык сот Т.Д. Шакированын кызыкчылыгын көздөгөн Р.К. Джолдошовдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 271-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыкты.

 

Конституциялык сот, тергөө судьясынын токтому ал чыгарылган күндөн тартып 5 сутканын ичинде апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн экендигин караган талашылып жаткан ченем, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.

 

Муну менен бирге Конституциялык сот өз Чечиминде бул иште конституциялык мааниге ээ болгон жагдай апелляциялык даттануу үчүн беш суткалык мөөнөттү белгилөө фактысы эмес, бул мөөнөт колдонуудагы укуктук жөнгө салуунун алкагында өзүнүн чыныгы максатына — апелляциялык инстанцияга ыкчам, ошол эле учурда реалдуу жана натыйжалуу жетүүнү камсыз кылуу милдетин аткара алабы деген маселе экендигин баса белгиледи.

 

Конституциялык сот тергөө судьясынын өзгөчө ролун белгилеп, ал сотко чейинки өндүрүш органдарынын аракеттерине, аракетсиздигине жана чечимдерине карата берилген даттануулар боюнча толук  жана мазмундуу соттук текшерүүнү камсыз кылууга милдеттүү экендигин көрсөттү. Мындай текшерүү формалдуу мүнөздө болбошу керек жана мыйзамдуулукту, негиздүүлүктү, ошондой эле процесстин катышуучуларынын процессуалдык кепилдиктеринин сакталышын баалоону камтууга тийиш.

 

Талашылып жаткан ченемге баа берүү менен Конституциялык сот, мыйзамда белгиленген апелляциялык даттануунун беш суткалык мөөнөтү өзүнчө алганда Конституцияга карама-каршы келбей тургандыгын белгиледи. Ошол эле учурда бул ченемдин конституциялык-укуктук мааниси, аны процесстин катышуучусу тергөө судьясынын жүйөлөштүрүлгөн токтому менен өз убагында таанышуу жана мазмундуу апелляциялык даттануу даярдоо мүмкүнчүлүгүнөн иш жүзүндө ажырап кала тургандай колдонууга жол бербейт.

 

Конституциялык сот апелляциялык даттануу укугу сот актысынын жыйынтыгына формалдуу түрдө макул эместигин билдирүүнү эмес, андагы жүйөлөрдү аң-сезимдүү түрдө талашуу мүмкүнчүлүгүн билдирерин баса белгиледи. Ошондуктан токтомдун жүйөлөштүрүлгөн текстин өз убагында даярдоо жана тапшыруу натыйжалуу соттук коргоого болгон укукту ишке ашыруунун зарыл шарты болуп саналат. Ошондой эле Конституциялык сот, эгерде жүйөлөштүрүлгөн токтом процесстин катышуучусуна байланыштуу болбогон себептерден улам кеч даярдалса же кеч тапшырылса, бул апелляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн жүйөлүү себеп катары каралууга тийиш экендигин түшүндүрдү. Башкача айтканда, мындай жагдайда мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн себептеринин жүйөлүүлүгүнүн презумпциясы арыз ээсинин пайдасына колдонулат. Сот актысынын өз убагында жол-жоболоштурулбагандыгынын терс кесепеттери процесстин катышуучусуна жүктөлүшү мүмкүн эмес.