Меню навигации+

Ачык эшиктер күндөрүнүн алкагында болочок юристтер Конституциялык соттун ишмердүүлүгү менен таанышты

21.05.2026

2026-жылдын 20 жана 21-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Ачык эшиктер күндөрүнүн алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин 1-курсунун студенттери жана Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин 2-курсунун студенттери менен жолугушуулар өттү.

 

Студенттер үчүн Конституциялык соттун имараты боюнча экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө конституциялык көзөмөл органынын калыптануу тарыхы, түзүмү, ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу ролу тууралуу маалымат берилди.

 

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Бобукеева Меергүл Рыскулбековна жана Кыдырбаев Кырккелди Жумалиевич студенттер менен ачык диалог форматында жолугушуу өткөрүштү. Баарлашуунун жүрүшүндө судьялар Конституциялык соттун ишмердүүлүгү, конституциялык даттанууларды жана сунуштамаларды кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришип, ошондой эле Конституциялык соттун айрым чечимдерин практикалык мисалдардын негизинде түшүндүрүштү. Өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасына таянып, юрист кесибин аркалоонун жана калыптануунун  баскычтарына токтолушту.

 

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, конституциялык укуктун актуалдуу маселелерин талкуулоого жана Конституциялык соттун судьясынын кесибинин өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

Мындай иш-чараларды өткөрүү системалуу негизде жүргүзүлүп, жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга, конституциялык укукка болгон кызыгуусун арттырууга жана Конституциялык соттун өлкөнүн билим берүү мекемелери менен өз ара кызматташтыгын чыңдоого багытталган.