Меню навигации+

Конституциялык сотто ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолугушуу өттү

12.06.2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевдин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Фолькер Фробарт менен жолугушуусу болду.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укуктун үстөмдүгүн чыңдоо, конституциялык маданиятты өнүктүрүү жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жаатындагы мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Конституциялык соттун төрагасы конституциялык баалуулуктарды жайылтуу, билим берүү демилгелерин ишке ашыруу, анын ичинде юристтер жана окутуучулар үчүн уюштурулуп жаткан Конституционализм мектептери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен конституциялык укукту   окутууга бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

 

Фолькер Фробарт Конституциялык соттун коомдо конституциялык баалуулуктарды жана укуктук маданиятты жайылтуу багытындагы ишине жогору баа берди. Ал конституционализм жана укуктун үстөмдүгү принциптерин бекемдөө үчүн  ишке ашырылып жаткан билим берүү долбоорлорунун жана академиялык коомчулук менен өз ара аракеттенүүнүн маанилүү экендигин  баса белгиледи.

 

ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы ошондой эле кеңсенин пландалып жаткан иш багыттары тууралуу айтып берип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүү жана укуктук агартуу маселелери боюнча мындан аркы өз ара кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты.