Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы «Фемида» пансионатынын жайкы ден соолукту чыңдоо сезонунун ачылышына катышты

12.06.2026

2026-жылдын 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Фемида» пансионатынын 2026-жылдагы жайкы ден соолукту чыңдоо сезонунун расмий ачылыш аземине катышты.

 

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, сот органдарынын жетекчилери, судьялар жана сот аппараттарынын кызматкерлери катышты.

 

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев сот тутумунун кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоонун жана алардын толук кандуу эс алуусу үчүн шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал пансионаттын инфраструктурасын өнүктүрүү жана аны мындан ары модернизациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

 

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев сот тутумунун өкүлдөрүнүн эс алуусу жана ден соолугун чыңдоосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай социалдык демилгелер кесиптик коомчулукту бекемдөөгө, кызматкерлердин ден соолугун сактоого жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

 

Иш-чаранын соңунда катышуучулар пансионаттын аймагы, анын инфраструктуралык объектилери жана өнүктүрүү менен көрктөндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Азем 2026-жылдагы жайкы ден соолукту чыңдоо сезонунун расмий ачылышы менен жыйынтыкталды.