Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда судья Карыбек Дуйшеевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

19.06.2026

2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Арстанбекович Дуйшеевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы  туруктуу өкүлү Айдарбек Касымалиевич Осмонов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаев, ошондой эле Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери катышты.

 

Карыбек Арстанбекович Дуйшеев 2019–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын жетектеген. Ал эми 2022-жылдын февраль айынан тартып Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары кызматын аркалап келген.

 

Иш-чараны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө жана конституциялык контролдоо органдарынын ишин өркүндөтүүгө Карыбек Арстанбековичтин кошкон олуттуу салымын белгиледи.

 

Өз сөзүндө Эмиль Жолдошевич Осконбаев Карыбек Арстанбековичтин мамлекеттик кызматка 40 жылдан ашуун өмүрүн арнаганын, ушул мезгил аралыгында ар кандай мамлекеттик органдарда жооптуу кызматтарды аркалаганын, анын кесиптик ишмердүүлүгү ар дайым жогорку компетенттүүлүгү, принципиалдуулугу жана кызматтык милдеттерин аткарууга болгон жоопкерчиликтүү мамилеси менен айырмаланып келгенин баса белгиледи.

 

Салтанаттын жүрүшүндө Конституциялык соттун судьялары жана чакырылган коноктор сөз сүйлөп, Карыбек Арстанбековичке көп жылдык ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана Кыргыз Республикасында конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Жыйындын  соңунда Карыбек Арстанбекович Дуйшеевге Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы кызматындагы ишмердүүлүгүнүн аякташына байланыштуу терең ыраазычылык билдирилип, каалоо-тилектер айтылды.