Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин  442-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

2026-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Гао Жын Вейдин кызыкчылыгын көздөгөн Руслан Кеңешевич Жолдошовдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин  442-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.

 

Конституциялык сот соттолгондун, акталгандын, иши кыскартылган адамдын абалын начарлатууга алып келүүчү негиздер боюнча соттук чечимдерди кассациялык тартипте кайра кароонун бир жылдык мөөнөтүн белгилеген Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин  442-беренеси  Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келди.

 

Конституциялык сот өз Чечиминде, бул иште кылмыш-жаза  сот өндүрүшүнүн катышуучулары үчүн процессуалдык мөөнөттөрдүн формалдуу айырмачылыгы эмес, сот актысын кассациялык кайра кароонун укуктук кесепеттеринин мүнөзү конституциялык мааниге ээ болуп саналарын баса белгиледи. Адамдын абалын начарлатууга алып келиши мүмкүн болгон кайра кароо жана соттук катачылыкты четтетүү максатында анын пайдасына жүзөгө ашырылуучу кайра кароо өзүнүн арналышы жана кесепеттери боюнча теңдеш болуп саналбайт.

 

Сот, 442-берене менен белгиленген бир жылдык мөөнөт кайрылуу субъектисине байланыштуу эмес, ал кассациялык кайра кароо соттолгондун, акталгандын же кылмыш иши кыскартылган адамдын абалын начарлатуусу мүмкүн экендиги менен байланыштуу экендигин белгиледи. Мындай жөнгө салуу укуктук аныктыкты, сот чечимдеринин акыйкаттыгын камсыз кылууга жана сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин адамдын укуктук абалынын белгисиз узакка начарлап кетүү коркунучунан коргоого багытталган.

 

Демек, кассациялык кайра кароонун процессуалдык шарттарындагы айырмачылык сот адилеттигинин жана соттук коргоо укугунун теңдиги принцибин бузбайт, анткени ал процесстин катышуучуларынын укуктук абалындагы объективдүү айырмачылыктар жана кайра кароонун кесепеттеринин бирдей эместиги менен шартталган. Соттолгондун пайдасына кассациялык кайра кароо үчүн бирдей убакыттык чектин  жоктугу олуттуу соттук катаны оңдоонун натыйжалуу механизмин сактоо зарылчылыгы менен байланышкан.

 

Мындан тышкары, соттолгондун пайдасына өкүмдү кассациялык кайра кароо мүмкүнчүлүгү мурда кабыл алынган сот актыларын жокко чыгарууну болжобойт жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында кабыл алынган чечимдерди автоматтык түрдө кайра кароого алып келбейт. Мындай кайра кароонун мүмкүн болгон укуктук кесепеттери мыйзамда каралган процессуалдык формаларда гана чечилүүгө жатат.