Меню навигации+

Чолпон-Атада адам укуктарын коргоонун конституциялык-укуктук механизмдерин талкуулашат

23.06.2026

2026-жылдын 26–28-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Юристтер күнүнө арналган II Конституциялык окуулар өтөт. Быйылкы илимий-практикалык форумдун башкы темасы адамдын укуктары менен эркиндиктеринин конституциялык кепилдиктери, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын жана калктын социалдык жактан аярлуу башка категорияларынын  укуктарын камсыз кылуу маселелери болот.

 

Конституциялык окуулар Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн, эксперттерди жана Казакстандын, Россия Федерациясынын, Түркиянын жана Өзбекстандын жана биздин өлкөнүн практик юристтерин бириктирет. Бул иш-чара улуттук жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин  талкуулоого мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Катышуучулардын көңүл борборунда сот адилеттигине жеткиликтүүлүк, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары жана социалдык укуктарды ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү маселелери болот.

 

Иш-чаранын алкагында пленардык жыйын жана тематикалык панелдик талкуулар өткөрүлүп, анда илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, практикалык тажрыйба жана дүйнөнүн тездик менен өзгөрүп жаткан шартында адам укуктарын коргоонун заманбап ыкмалары сунушталат.

 

Конституциялык окуулар конституциялык өнүгүү, сот адилеттиги жана адам укуктарын коргоо жаатында тажрыйба алмашуу, жаңы идеяларды иштеп чыгуу жана кесиптик кызматташууну чыңдоо үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

 

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети тарабынан өлкөдөгү юридикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашырган алдыңкы жогорку окуу жайлардын уюштуруучулук колдоосунда, ошондой эле БУУӨПтүн жана «Кыргызстандын юристтери», «Кыргызстандын социалдык иш мектептеринин ассоциациясы» коомдук бирикмелеринин техникалык колдоосу астында уюштурулууда.