Меню навигации+

Конституциялык сот Жарандык кодекстин айрым жобосунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты

19.06.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 1126-беренесинин 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.

Кайрылуу мыйзам боюнча мурас калтыруучуну багуу боюнча мыйзамда жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан баш тарткан ата-энелерди (асырап алуучуларды) жана бойго жеткен балдарды (асырап алынгандарды) мыйзам боюнча мурастоо укугунан ажыратууну караган жобого байланыштуу болгон.

Арыз ээсинин пикири боюнча, талашылып жаткан жобо мурастоо талаштарын кароодо зарыл болгон укуктук аныктуулукту камсыз кылбагандыктан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбейт.

Аныктама менен шилтеме аркылуу таанышууга болот:https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/06/oks-ob-otkaze-abduraufovu-ot-19.06.26.pdf