Меню навигации+

Конституциялык сот Административдик-процесстик кодекстин айрым жобосунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты

23.06.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 110-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.

 

Кайрылуу административдик доо арыз менен сотко кайрылуунун мөөнөттөрүн жөнгө салган жобого байланыштуу болгон. Арыз ээсинин пикири боюнча, талашылып жаткан жобонун колдонулушу сотко кайрылуу мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартылган учурда талашты маңызы боюнча карабастан иш боюнча өндүрүштү токтотууга жол берет.

 

Кайрылууга транспорт каражатын мамлекеттик каттоого алуу боюнча талаш негиз болгон. Арыз ээсинин пикири боюнча, ага берилген каттоо статусу транспорт каражатына карата менчик ээсинин укуктарын толук ишке ашырууга чектөө жаратат.

 

Аныктама менен шилтеме аркылуу таанышууга болот:https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/06/proekt-oks-pohleba-s-a-23-06-26.pdf