Меню навигации+

Конституциялык сот финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчеттуулукту берүү тартиби жөнүндө жобонун айрым жоболорунун конституциялуулугу боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты

29.06.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчеттуулукту (маалыматты) берүү жана маалыматтарды ачып көрсөтүү тартиби жөнүндө жобонун 24 жана 25-пункттарынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.

 

Кайрылуу финансылык рыноктун субъекттери тарабынан отчеттуулукту берүү жана маалыматтарды ачып көрсөтүү тартибин жөнгө салган жоболорго байланыштуу болгон. Кайрылууга арыз ээсинин аталган Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышы негиз болгон.

 

Аныктама менен шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/06/oks-ob-otkaze-dlya-sajta-29.06.26.pdf