Конституционализм мектеби юристтер менен адвокаттардын кесиптик диалог аянтчасына айланды
2026-жылдын 1–3-июль күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен «Адилет» укуктук клиникасы» коомдук фонду биргелешип уюштурган юристтер жана адвокаттар үчүн Конституционализм мектеби өттү. Үч күндүн ичинде катышуучулар конституциялык сот адилеттиги жаатындагы билимдерин тереңдетип, конституциялык-укуктук талаштарды кароонун учурдагы практикасын талдап, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык механизмдерин колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү.
Конституционализм мектебинин ачылышында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев өлкөдө конституционализмди өнүктүрүү Конституциянын үстөмдүгүн бекемдөөгө жана адам укуктарын натыйжалуу коргоого жөндөмдүү күчтүү юридикалык коомчулуктун калыптанышына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.
Окуу программасын Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев, ошондой эле Конституциялык соттун судьялары Чынара Айдарбекова жана Меергүл Бобукеева өткөрүштү. Лекциялардын, практикалык семинарлардын жана соттук иштерди талдоонун жүрүшүндө катышуучулар Конституциялык сотто иш жүргүзүүнүн тартиби, сотко кайрылууларды даярдоонун талаптары, конституциялык сот адилеттигинин принциптерин колдонуу жана Конституциялык соттун чечимдерин аткаруунун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири таанышышты.
Программанын маанилүү бөлүгү катары Конституциялык лаборатория уюштурулду. Анда катышуучулар чакан топтордо иштеп, Конституциялык сотко кайрылуулардын долбоорлорун даярдашты, конституциялык-укуктук жүйөлөрдү иштеп чыгышты жана аларды судьялар менен биргеликте талкуулашты.
Мектептин бардык этабында катышуучулар Конституциялык соттун судьялары менен ачык кесиптик пикир алышып, өз ара тажрыйба бөлүшүп, укук колдонуу практикасындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты жана күнүмдүк кесиптик ишмердүүлүгүндө кездешкен суроолоруна жооп алышты.
Конституционализм мектеби конституциялык сот адилеттиги жаатындагы билимди өркүндөтүү менен катар юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга, кесиптик кызматташтыкты чыңдоого жана конституциялык баалуулуктарды илгерилетүүгө өбөлгө түзгөн натыйжалуу аянтча болду.













