Меню навигации+

Конституциялык сот «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорунун конституциялуулугу жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты

07.07.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин биринчи абзацынын экинчи сүйлөмүндө камтылган, кесиптик бирликтердин менчиги менчиктештирилүүгө жатпай тургандыгын белгилеген ченемдик жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсүн текшерүү, ошондой эле аталган жобого ушул берененин биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү жана 21-1-беренеси менен өз ара байланышта расмий чечмелөө берүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартты.

 

Кайрылуу «Кесиптик бирликтер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кесиптик бирликтердин менчиги менчиктештирилүүгө жатпай тургандыгын караган жобосуна байланыштуу болгон. Кайрылуучунун пикири боюнча, талашылып жаткан жобо укуктук белгисиздиктин белгилерин камтыйт, анткени ал кесиптик бирликтерге таандык мүлктү тескөөгө тыюу салуу катары кабыл алынышы мүмкүн.

 

Кайрылууга кайрылуучунун мыйзамда «менчиктештирүү» термининин кесиптик бирликтердин менчигине карата колдонулушу ар кандай чечмеленишине жол берип, кесиптик бирликтерге таандык мүлктү тескөө укугун чектөө катары кабыл алынышы мүмкүн деген жүйөсү негиз болгон.

 

Аныктама менен шилтеме аркылуу кененирээк таанышууга болот.https://constsot.kg/wp-content/uploads/2026/07/proekt-oks-po-obrashheniyu-matsakova-07-07.pdf