Меню навигации+

Конституциялык сотто Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата сыйлыктар тапшырылды

16.09.2026

Конституциялык сотто мамлекеттик көз карандысыздыктын 35 жылдыгына карата иш-чара болуп өттү. Бул күнү аппараттын кызматкерлери, ошондой эле ведомство өз ишинде кызматташкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү белгиленди.

 

Сыйлыктар ак эмгеги, кесипкөйлүгү жана жалпы ишке кошкон салымы үчүн, анын ичинде конституциялык мыйзамдуулукту бекемдөө жана адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн берилди.

 

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев белгилегендей, ар бир мамлекеттик органдын ишинин жыйынтыгынын артында ар бири өз участогу үчүн жооп берген жана жалпы ишке өз салымын кошкон адамдар турат. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосундагы кесиптик кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Биргелешип иштөө, маалымат алмашуу жана өз ара жардам берүү пайда болгон маселелерди чечүүгө жана коюлган милдеттерди натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берет.

 

Сыйлыктарды тапшыруу мамлекеттик органдарды жалпы милдеттерди чечүүдө бириктирген кызматташтыкка жана эмгекке кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү болду.

Иш-чаранын соңунда төрага сыйлык алгандарды куттуктап, аларга ден соолук, бакубатчылык жана кесиптик ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.Иш-чаранын соңунда Төрага сыйлангандарды куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык жана кесиптик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.