Меню навигации+

Ар бир жер талашынын артында адамдын укугу турат — Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова

24.09.2026

Бүгүнкү күндө жер маселелери эң актуалдуу темалардын бири бойдон калууда. 2025-жылы жана 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн сотторуна келип түшкөн административдик доолордун 63,79 пайызы жер талаштарына байланыштуу болгон. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку соту судьялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Конституциялык соттун, Башкы прокуратуранын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жер мамилелери чөйрөсүндө административдик жол-жоболорду жүргүзүүдө келип чыккан көйгөйлүү маселелер» аттуу тегерек стол өткөрдү.

 

Иш-чараны ачып жатып, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова ачык кесиптик диалог жүргүзүүнүн жана конструктивдүү чечимдерди издөөнүн зарылдыгын белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын иши адамга жана анын укуктарын коргоого багытталууга тийиш экенин баса белгиледи.

 

Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова өз баяндамасында бул маселеге конституциялык өңүттөн токтолуп: «Ар бир жер талашынын артында конкреттүү адам жана анын укугу турат», — деди. Ал мыйзамдуу түрдө алынган жер укугу мамлекет тарабынан урматталып, корголууга тийиш экенин, ал эми аны чектөө өзүм билемдик менен жүргүзүлбөшү керектигин белгиледи.

 

Катышуучулар жер тилкелерин берүү, каттоо жана алып коюу маселелерин, ошондой эле мындай талаштарды кароонун соттук практикасын талкуулашты. Талкуунун өзөгүндө жөнөкөй, бирок принципиалдуу суроо турду: жер маселелерине байланыштуу жол-жоболорду адамдын кызыкчылыгына кызмат кылгандай кылып, анын укуктарынын реалдуу корголушун кантип камсыз кылууга болот? Жолугушуунун жыйынтыгында мыйзамдарды жана аларды колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган бир катар сунуштар иштелип чыкты.