Меню навигации+

Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына көңүл айтат

29.09.2026

Урматтуу Жамиля Акматбековна!

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана үй-бүлөңүзгө апаңыз, белгилүү инсан Тамара Жаманбаеванын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

 

Бул оор жоготууга байланыштуу Сизге жана жакындарыңызга терең кайгыруу менен ортоктош болуп, бекем кайрат, сабырдуулук жана күч-кубат каалайм.

 

Өмүрүн ата мекендик телевидение тармагына, журналистикага жана маданиятка арнаган көрүнүктүү инсан Тамара Жаманбаеванын кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат.

 

Кыргыз Республикасынын

Конституциялык сотунун Төрагасы    Эмил Осконбаев