Меню навигации+

Конституциялык сот судьяга карата жеке аныктама чыгаруу маселеси боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды

22.09.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 19-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацынын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө жана 96-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алды.

 

Талашылып жаткан ченем жогору  турган инстанциядагы сотко конкреттүү ишти кароодо аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу судьяга карата жеке аныктама чыгарууга, ошондой эле мындай актыны тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Арыз ээсинин пикири боюнча, судьянын сот адилеттигин жүзөгө ашыруудагы аракеттерине баа берүүнү камтыган  жеке аныктама жагымсыз кесепеттерге, анын ичинде тартиптик өндүрүштү козгоого жана бул жагдайды судьянын кесиптик ишмердигин баалоодо эске алууга алып келиши мүмкүн. Мындай жагдай сот чечимдерин кабыл алууда судьяга чектөөчү таасирин тийгизип, судьянын көз карандысыздыгынын конституциялык кепилдиктерин козгошу мүмкүн.