Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун делегациясы Азия конституциялык соттору жана ага теңештирилген институттар ассоциациясынын VII Конгрессине катышууда
2026-жылдын 1–2-октябрында Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында «Санариптештирүү жана жасалма интеллект шарттарындагы конституциялык сот адилеттиги» темасында Азия конституциялык соттору жана ага теңештирилген институттар ассоциациясынын VII Конгресси өтүүдө.
Кыргыз Республикасын Конгрессте Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев баштаган делегация өкүлчүлүк кылууда. Бүгүн, 1-октябрда, Ассоциациянын Башкы катчыларынын жыйыны, Мүчөлөр кеңешинин жыйыны, жумушчу жана эки тараптуу жолугушуулар, Конгресстин ачылыш аземи, ошондой эле «Санариптик трансформация шарттарында судьялардын көз карандысыздыгы, адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгү» темасында I пленардык жыйын өтөт. Жыйындын алкагында Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев баяндама жасайт.
2-октябрда «Конституциялык көзөмөлдөгү жасалма интеллект: мүмкүнчүлүктөрү, укуктук чектери жана процесстик кепилдиктер» темасында II пленардык жыйын өтөт. Ага Эмиль Осконбаев жана Индиянын Башкы судьясы Сурья Кант модераторлук кылат. Ошондой эле бул күнү Түрк дүйнөсүнүн конституциялык юрисдикцияларынын конференциясынын жумушчу жыйыны, Ассоциация Мүчөлөр кеңешинин жыйынтыктоочу жыйыны жана VII Конгресстин жабылыш аземи өтөт.








