Меню навигации+

КР Конституциялык соту адам укуктары менен эркиндиктерин чектөөнүн конституциялык негиздери боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү

13.10.2026

2026-жылдын 5–8-октябрында Түркия Республикасынын Анкара шаарында Азия конституциялык соттору жана эквиваленттүү институттар ассоциациясынын (AACC-CTHRD) Адам ресурстарын даярдоо жана өнүктүрүү борборунун 14-жайкы мектеби болуп өттү. Иш-чара Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулуп, быйылкы программа «Укуктар менен эркиндиктерди чектөөнүн негизги принциптери» темасына арналды.

 

Жайкы мектептин алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасында укуктар менен эркиндиктерди чектөөнүн конституциялык негиздери жана чектери, ошондой эле мындай чектөөлөрдүн жол берилүүсүнө байланыштуу Конституциялык соттун укуктук позициялары тууралуу баяндама жасашты.

 

Аталган иш-чарага Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун жана эквиваленттүү институттарынын өкүлдөрү катышып, адамдын укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууга мамлекеттин кийлигишүүсүнүн жол берилүүчү чектерин аныктоонун эл аралык жана улуттук ыкмаларын карап чыгышты. Ошондой эле тажрыйба алмашуу жана конституциялык принциптерди колдонууга байланышкан практикалык маселелер боюнча пикир алышуу болду.

 

Жайкы мектеп конституциялык көзөмөл жаатындагы адистердин ортосунда кесиптик диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп, эл аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана катышуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.

 

Программанын жыйынтыгында катышуучуларга Жайкы мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды.