Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Болгариянын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган конференцияга катышты
София шаары, 2026-жылдын 15-октябры — Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары Меергүл Бобукеева жана Бакыт Кыдыралиева Болгария Республикасынын Конституциялык соту тарабынан анын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулган «Конституциялык соттордун мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуудагы ролу» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Европа, Азия жана Африканын 31 мамлекетинин конституциялык юрисдикцияларынын өкүлдөрүн бириктирген конференция англис тилинде өттү.
Конференциянын жүрүшүндө конституциялык соттордун ишмердигинин актуалдуу маселелери, анын ичинде алардын курамы жана көз карандысыздыгы, кабыл алган чечимдеринин мамлекеттик органдар тарабынан аткарылышы, ошондой эле кризистик кырдаалдарда конституциялык юрисдикциялардын иш тажрыйбасы талкууланды. Конференциянын иши үч панелдик сессиянын алкагында өттү.
«Кризистик кырдаалдарда конституциялык соттордун соттук практикасы» аттуу панелдик сессиянын алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергүл Бобукеева «Кризистик кырдаалдарда конституциялык соттордун практикасы: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы» деген темада баяндама жасады.
Өз баяндамасында ал Кыргыз Республикасынын тажрыйбасына токтолуп, масштабдуу коомдук-саясий кризис шарттарында да мамлекеттик органдар Конституциянын чегинде иш алып барууга милдеттүү экенин белгиледи. Кадимки жол-жоболордон четтөөгө өзгөчө зарылдык болгон учурда гана жол берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда кризистик мезгилде кабыл алынган чаралар зарыл жана пропорционалдуу болуп, мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылууга, негизги конституциялык принциптерди жана жарандардын укуктарынын кепилдиктерин сактоого багытталууга тийиш.
«Конституциялык сот адилеттигинин милдети — Конституция менен туруктуулуктун ортосунда тандоо жүргүзүү эмес, туруктуулукту Конституциянын негизинде жана анын чегинде камсыз кылуу. Дал кризистик мезгилдерде Конституция мамлекет жана коом үчүн негизги укуктук багыт болуп кала бериши өзгөчө маанилүү», — деп белгиледи Меергүл Бобукеева.








