Конституциялык соттун жамааты «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде
Бишкек, 2026-жылдын 20-октябры – Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жамааты «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барды.
«Ата-Бейит» – кыргыз элинин тарыхый эс тутумунда өзгөчө орунду ээлеген жайлардын бири. Ата-Бейитте кыргыз элинин тарыхында өчпөс из калтырган көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим жана маданият өкүлдөрү, ошондой эле өлкөбүздүн тарыхындагы кайгылуу окуялардын курмандыктары жерге берилген.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жамааты көрүнүктүү инсандарды жана Кыргызстандын тарыхындагы кайгылуу окуяларда курман болгон жарандарды эскерип, таазим кылышты.
“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө” Жарлыгына ылайык, тарыхый эс тутумду, улуттук баалуулуктарды жана элдин руханий мурасын сактоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Өз өлкөсүнүн тарыхын билүү, ата-бабаларды эскерүү жана улуттук мураска аяр мамиле кылуу — жаш муунду тарбиялоонун, жарандык биримдикти бекемдөөнүн жана Кыргызстандын келечегине жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруунун маанилүү негиздеринин бири болуп саналат.










