Меню навигации+

Конституция, укук жана кесиптин келечеги тууралуу: КР КС судьясынын студенттер менен жолугушуусу

22.10.2026

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академияда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Кырккелди Жумалиевич Кыдырбаев студенттер үчүн  лекция өттү.

 

Жолугушуу «Конституция жана конституциялык көзөмөл коомдун турмушунда» деген темада болду. Судья укуктук мамлекеттин Негизги мыйзамы катары Конституциянын маанисине токтолуп, укуктун үстөмдүгү, бийлик бутактарынын бөлүнүшү, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоо принциптери тууралуу айтып берди. Ошондой эле конституциялык көзөмөл иш жүзүндө кандай жүзөгө ашырылары жана Конституциялык сот кандай чечимдерди кабыл алары тууралуу маалымат берди.

 

Жолугушуу  болочоктогу юристтер – студенттер менен баарлашууга өзгөчө көңүл бурулду. Судья Кыдырбаев өлкөнүн укуктук тутумунун келечеги жаш муундун колунда экендигин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө алардын келечектеги юридикалык ишмердигине негиз боло турган бекем пайдубал түптөлүп жатканын,  бүгүн алган билим, окууга болгон мамиле жана өзүн-өзү өнүктүрүүгө болгон аракет келечекте алардын кесиптик деңгээлинин жана юридикалык ишмердигинин негизин түзөт,  – деди.

 

«Келечек — силердин  колуңарда. Ошондуктан бекем пайдубалды  бүгүн түптөө маанилүү: жакшы окуп, укукту терең билип, ар дайым өнүгүүгө умтулуу керек», — деп белгиледи судья.

 

Студенттердин темага болгон жандуу кызыгуусу суроо-жооп жана талкуу менен уланды. Жолугушууда конституциялык көзөмөл жана Конституциялык соттун практикасы тууралуу пикир алышуу менен катар, келечектеги адистерди кызыктырган суроолорду иштеп жаткан судья менен түздөн-түз талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.