Меню навигации+

Конституциялык сот адвокатты лицензиядан ажыратуу маселеси боюнча кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды

06.10.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы Адвокатура жана адвокаттык иш, ошондой эле юридикалык өкүлдөр жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1, 4 жана 5-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө, 101-беренесинин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүнө шайкештигин текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.

 

Талашылып жаткан ченемде адвокат тарабынан аталган Мыйзамдын талаптары бузулган учурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна берилген лицензиядан ажыратуу каралган.

 

Арыз ээсинин пикиринде, аталган ченем укуктук тактык талаптарына жооп бербейт, анткени мындай катаал чараны колдонууга негиз боло турган мыйзам бузуунун мүнөзүн, оордук даражасын жана кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берүүчү критерийлерди белгилебейт. Мындай критерийлердин жоктугу мыйзам бузуунун олуттуулугуна карабастан, ар кандай мыйзам бузуу үчүн лицензиядан ажыратууга жол берип, укук колдонуу органынын кароосуна өтө кеңири чектерди берет. Арыз ээси бул жагдай ченемди өзүм билемдик менен колдонууга шарт түзүп, эмгек эркиндигине жана кесипти