Конституциялык соттун чечимдери практикада кандай иштейт: Юридикалык академиянын студенттери менен жолугушуу
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Юридикалык академиянын 2-курсунун студенттери Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда болушту. Болочок юристтер үчүн бул окуу китептеринен алган теориялык билимдерин практикалык иш менен байланыштырып, Соттун иши менен жакындан таанышууга – конституциялык иштер кандай караларын жана адамдын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү чечимдер кандай кабыл алынарын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Экскурсия учурунда студенттерге Конституциялык соттун иши, анын ыйгарым укуктары жана иштерди кароо тартиби тууралуу маалымат берилди. Андан соң жолугушуунун негизги бөлүгү Соттун конкреттүү чечимдерин талкуулоого арналды.
Конституциялык соттун судьясы Айдарбекова Чинара Аскарбековна студенттерге ар бир чечимдин артында эмне турарын айтып берди: Сотко жарандар кандай маселелер менен кайрылышат, мыйзамдын кайсы ченемдери текшерүүнүн предмети болот, судьялар алардын Конституцияга шайкештигине кантип баа беришет жана эмне үчүн ар бир юридикалык чечимдин артында адамдын жашоо-турмушуна байланышкан конкреттүү кырдаалдар турарын түшүндүрдү.
Судья Конституциялык соттун практикасындагы конкреттүү иштердин мисалында Соттун айрым укуктук позицияларын студенттер менен талдап, алардын конкреттүү иштин катышуучулары үчүн гана эмес, мыйзамдарды мындан ары колдонууда да маанисин түшүндүрдү. Студенттер чечимдерди кабыл алуу процесси, укуктук жүйөлөрдү негиздөө жана татаал конституциялык-укуктук маселелерди кароодо судьянын ролу тууралуу суроолорду беришти.
Мындай жолугушуулар укуктун иш жүзүндө колдонулушун көрүүгө — Конституциянын ченемдери окуу китептеринин барактарынан реалдуу иштерге кандайча өтөрүн жана Конституциялык соттун ар бир чечими адамдын укуктарын коргоодо маанилүү экендигин тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт.









