Конституциялык сот КЖПКнын ченемдеринин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти кароого кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 504-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесине, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 57-беренесинин 1–4-бөлүктөрүнө, 58-беренесине, 61-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылууну өндүрүшкө кабыл алды.
Талашылып жаткан ченемдер күнөөсүн моюнга алуу жөнүндө макулдашуу түзгөн адамга карата айыптоо өкүмү чыгарылганда, далилдерди талдоо жана аларга баа берүү өкүмдө чагылдырылбашын, ошондой эле иштин материалдары сотто изилденбегендигинин негизинде мындай өкүмгө апелляциялык тартипте даттанууга жол берилбешин карайт.
Арыз ээсинин пикири боюнча, мындай укуктук жөнгө салуу соттук чечимдин негиздүүлүгүнө жана жүйөлүүлүгүнө карата талаптарды төмөндөтөт, аны жогору турган сот тарабынан кайра кароо мүмкүнчүлүктөрүн чектейт жана соттук коргоонун, күнөөсүздүк презумпциясынын, ошондой эле соттук чечимди кайра кароо укугунун конституциялык кепилдиктерин козгойт.






