Меню навигации+

Конституциялык палатанын Түрк Республикасынын Конституциялык сотуна болгон жумуш иш сапары

09.06.2015

Үстүбүздөгү жылдын 31-майынан тартып 5- июнга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Конституциялык палатанын кызматкерлеринин курамында Түрк Республикасынын Конституциялык сотуна (Анкара ш.) мурдатан кол коюлган Кызматташуу жѳнүндѳгү Меморандумдун алкагында конституциялык соттордун ишмердүүлүк тармагында тажрыйба жана маалымат алмашуу үчүн таанышуучу иш сапары менен барып келди.

 

Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Түрк Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Зухту Арслан соода – экономикалык мамилелери зор ылдамдык менен өнүгүп жаткан эки бир тууган элдин тыгыз кызматташуусун, эки элдин жалпы тарыхый тамырын баса белгиледи, ошондой эле Конституциялык палатасында меймандардын келиши эки соттун ортосундагы жакын кошуналык мамилелерди мындан ары дагы чыңдайт деген үмүтүн билдирди.

 

Өзүнүн жооп катары айткан сөзүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы М. Касымалиев Конституциялык палатанын судьяларынын жана кызматкерлеринин атынан Түрк Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасын жана судьяларын Түркиянын Конституциялык сотун келип көрүп кетүүгө чакыргандыгы жана анын ишмердүүлүгү менен терең таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди жана андан аркы тыгыз кызматашууга болгон үмүтүн билдирди.

 

Конституциялык палатанын делегаттары таанышуучу иш сапардын алкагында Түрк Республикасынын Юстиция академиясына жана Түрк Республикасынын Мамлекеттик кеңешине да барышты.

 

Иш сапардын алкагында аппараттын судьялары жана кызматкерлери Түркиянын Конституциялык сотунун иши жѳнүндѳ жалпы түшүнүк алышты жана бир катар суроолор боюнча пикир алмашышты.

 

Белгилей кетүү керек, бул иш сапар Европа Кеңеши тарабынан каржыланып, ПРООН тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ишмердүүлүгүнө жардам берүү» Долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

 

0Q8A4216

0Q8A4284