Меню навигации+

Бишкекте соттук тажрыйбаны жалпылоо маселелери талкууланды

29.02.2016

26-февралда Бишкекте «Кыргызстандагы соттук тажрыйбаны жалпылоо маселелери» темасында тегерек стол болуп ѳттү, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Конституциялык палатанын судьялары, юридикалык коомчулуктун, илимий чѳйрѳнүн, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү катышышты.

 

Тегерек столдун максаты Кыргызстандагы соттук тажрыйбаны жалпылоонун бирдиктүү усулдарын түзүү үчүн соттук тажрыйбаны жалпылоо чѳйрѳсүндѳгү маселелерди талкулоо болду.

 

Иш чаранын жүрүшүндѳ катышуучуларга Конституциялык палатада, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда соттук тажрыйбаны жалпылоо кандай жүргүзүлѳрү, ошондой эле, соттук актылардын анализинин усулдары жѳнүндѳ маалымат кѳрсѳтүлгѳн.

 

Соттук тажрыйбаны жалпылоо бирдей укуктук маселелер боюнча ар кандай соттук актыларды кабыл алуу учурларын аныктоонун эң натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп эсептелет. Ал соттук органдардын ишин толук баалоого, алардын ишинин терс жана оң жактарын аныктоого, соттук тажрыйбада келип чыгуучу жаңы маселелерди белгилѳѳгѳ, сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүнүн максаттары жана милдеттери канчалык натыйжалуу жана сапаттуу аткарылып жатканын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

 

Бул тегерек стол Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы менен «Туруктуу тынчтык үчүн укук үстѳмдүгүн жана сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү жакшыртуу» проектинин алкагында БУУнун Тынчтык куруу фондунун финансылык колдоосу менен уюштурулду.