КАСЫМАЛИЕВ Мукамбет Шадыканович
Конституциялык соттун судьясы
1960-жылы 3-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку билимдүү, 1986-жылы СССРдин 50-жыл атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
1977-1980 жылдары СССРдин Аскер күчтөрүндө бөлүмдүн командири катары кызмат өтөгөн.
М.Ш. Касымалиев өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн 1980-жылы Оргочор тажрыйба станциясында куруучу катары баштаган.
1986-жылы окууну аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.
М.Ш. Касымалиев адистиги боюнча эмгек тажрыйбасын
1987-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмүндө тергөөчү, кийин улук тергөөчү болуп баштаган.
1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында референт, эксперт, сектор башчысы болуп эмгектенген.
1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде министрдин биринчи орун басары,
1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы,
1999-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында, Коопсуздук кеңешинде башкармалыктын башчысы, катчынын орун басары,
2007-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинде министрдин орун басары болуп эмгектенген.
2012-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланып, 2013-2016-жылдары Конституциялык палатанын төрагасы.
2016-жылдын 1 июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.
2019-жылдын 21-ноябрынан тартып 7 жылдык ыйгарым укуктар мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу судьялык ыйгарым укуктары токтотулган.
2020-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан жаш курагынын чегине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун КОнституциялык палатасынын судьясы болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, генерал-майор. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи наамы ыйгарылган.