Меню навигации+

КАСЫМАЛИЕВ Мукамбет Шадыканович

DSC_0053 1

Конституциялык соттун судьясы

1960-жылы 3-февралда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында туулган. Улуту кыргыз. Жогорку  билимдүү, 1986-жылы СССРдин 50-жыл атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1977-1980 жылдары СССРдин Аскер күчтөрүндө бөлүмдүн командири катары кызмат өтөгөн.

М.Ш. Касымалиев өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн 1980-жылы Оргочор тажрыйба станциясында куруучу катары баштаган.

1986-жылы окууну аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин жарандык укук жана процесс кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген.

М.Ш. Касымалиев адистиги боюнча эмгек тажрыйбасын

1987-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмүндө тергөөчү, кийин улук тергөөчү болуп баштаган.

1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында референт, эксперт, сектор башчысы болуп эмгектенген.

1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары,

1996-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде министрдин  биринчи орун басары,

1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы,

1999-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында, Коопсуздук кеңешинде башкармалыктын башчысы, катчынын орун басары,

2007-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинде министрдин   орун басары болуп эмгектенген.

 

2012-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланып, 2013-2016-жылдары Конституциялык палатанын төрагасы.

2016-жылдын 1 июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы.
2019-жылдын 21-ноябрынан тартып 7 жылдык ыйгарым укуктар мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу судьялык ыйгарым укуктары токтотулган.
2020-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан жаш курагынын чегине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун КОнституциялык палатасынын судьясы болуп шайланды.

 

Кыргыз Республикасынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, генерал-майор. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган жана  Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи наамы ыйгарылган.