Меню навигации+

«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

24.02.2017

 

2017-жылдын 22-февралында Конституциялык палата атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу болгон адамдарды, анысы жоюлган же жоюлбаганына карабастан, нотариалдык ишмерликке чектөөнү караган «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин төртүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, төмөнкүдөй чечим чыгарган.

 

Конституцияда жарандын укуктарынын бузулушун болтурбоого бекитилген мамлекеттин милдети нотариат аркылуу ишке ашырылат. Нотариат иинституту ушул мааниде коомдук-укуктук иш- милдети жеке жактардын кызыкчылыгында гана болбостон, коомдун да, мамлекеттин да кызыкчылыгын бүтүндөй аткарат.

 

Мамлекет нотариат институту аркылуу мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону, менчикти кайтарууну жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү камсыз кылуу боюнча милдеттерди чечет. Ошон үчүн нотариаттын ишмерлиги коом алдындагы мамлекеттин коомдук жоопкерчилик жаатында турат.

 

Андан тышкары, нотариус жасаган аракеттер жарандык укуктук мамилелердин субъектилери үчүн өзгөчө маанилүү, жана мындай аракеттер жогорку деңгээлдеги кесипкөй, сабаттуу, жоопкерчиликтүү жана коом тарабынан сөзсүз ишеним арттырган адамдар тарабынан жасалат деп түшүнүлөт. Ошон үчүн мыйзам чыгаруучу мыйзамдуулукту жана чектелбеген чөйрөнүн укуктары менен кызыкчылыктарын бирдей коргоо ишин камсыз кылып, атайылап жасаган кылмыштары үчүн соттуулугу бар адамдар, анысы алынып салындыбы же жоюлдубу ага карабастан нотариус болуп иштөөсү үчүн чектөө белгилеген.

 

Ушуга байланыштуу, чектөөнү белгилеген талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленгендей башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу максаттарына өлчөмдөш болуп саналат.

 

 

Отурумда төрагалык кылуучу                             Мамыров Эркинбек Тобокелович    

 

Судья-баяндамачы                                               Саалаев Жедигер Ибраимович