Меню навигации+

Конституциялык палатанын аппарат кызматкерлери “Кыргызтест” системасы боюнча тесттен өтүштү

03.04.2017

31-март күнү Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси жана кызматкерлери “Кыргызтест” системасы боюнча тесттен өтүштү. Тесттен өтүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы № 119 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү жана тил саясатын өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруу максатында ишке ашырылган.

 

Кыргыз тил боюнча тест суроолордун татаалдыгынын деңгээлин аныктоодон башталды. Система сынакка келген адам өзүн өзү баалоо баракчасына киргзиген маалыматына жараша тапышрма берип жатты.

 

Толук объективдүүлүктү жана ачыктыкты сактоо үчүн тест компьтерде өткөрүлдү. Ар бир кызматкерге жеке код берилген, анын негизинде жыйынтыктарды билсе болот.

 

Кыргыз тил билүү деңгээли «а», «b» жана «с» категориялар боюнча бааланып, тесттин өзү беш субтесттен турат: лексика-грамматикалык, окуу, аудиоугуу, кат жазуу жана сүйлөө жана ауидосүйлөө.