Меню навигации+

Кыргызстан Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш институттарынын Ассоциациясынын отурумуна катышты

16.08.2017

Конституциялык палатанын Төрагасынын орун басары К.Киргизбаев жана Конституциялык палатанын Аппарат жетекчиси М.Джаманкулов баш болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын делегациясы Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш институттарынын Ассоциациясынын Кенешинин Мүчөлөрүнүн кезектик отурумуна (АКСА) жана «Конституциялык сот плюралисттик коомдо идеологиянын жана демократиянын коргоочусу катары” эл аралык симпозиумуна катышышты, Соло ш., (Индонезия) 2017-жылдын 7-11 августу. Эл аралык симпозиумга 20 мамлекеттин Конституциялык сотторунун делегациялары катышты. Симпозиумдун жүрүшүндө Конституциялык палатанын Орун басары К.М.Киргизбаев “Жогорку соттун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасында демократиянын жана плюрализмдин коргоочусу катары” темасында сөз сүйлөдү.

 

Жыйналыштын жүрүшүндө Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш институттарынын Ассоцияциясынын 2017-2018-жылдарга Президенти болуп Малайзиянын Конституциялык сотунун Төрагасы шайланды. Андан ары АКСАнын президенттигинин эстафетасы Казахстан Республикасына, анан Монголияга, андан кийин Таиландга өтөт.

 

Кыргыз делегациясынын иш сапарынын алкагында Индонезиянын Конституциялык сотунун Төрагасы ж-н. Ариф Хадаят менен эки тараптуу жолугушуусу өттү, жолугушууда Конституциялык палатанын Төрагасынын орун басары К.Киргизбаев жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

 

Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш институттарынын Ассоциациясы азия регионунун адистештирилген соттору үчүн консультациялык механизм катары 2010-жылдын июль айында түзүлгөн. Кыргызстан 2015-жылы анын мүчөсү болгон.