Меню навигации+

Конституциялык палата USAID-IDLO программсы менен Кыргызстандын сот системасын бекемдөө боюнча кызматташтыктын маселелерин талкуулашты

31.10.2017

Бүгүн Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Куанбек Киргизбаевдин жана судья-катчы Меергуль Бобукееванын Кыргызстандагы Укукту өнүктүрүү боюнча  эл аралык уюмдун (IDLO) аймактык директору Фред Хьюстон мырза жана IDLO программасынын координатору Эльдияр Сеитказиев менен жолугушуу болду.

 

Жолугушууда тараптар USAID-IDLO программасынын алкагында Кыргызстандагы сот системасын бекемдөө боюнча кызматташтыктын келечеги туурасында маселелерди талкуулашты.

 

Төраганын орун басары USAID-IDLO программасынын көрсөткөн колдоосунун маанилүүлүгүн жана өз убагында болгондугун баса белгилеп, биздин өлкөдө конституциялык адилет сотту бекемдөө боюнча орток ишти улантууга тилегин билдирди.

 

Кыргызстанда сот системасын бекемдөө боюнча USAID-IDLO программасы соттордун көз карандысыздыгын бекемдөөгө, адилет сотту жүзөгө ашырууда ачыктыкты көтөрүүгө, сот системасында адам ресурстарынын дареметин бекемдөөгө багытталган.