Аналитика бөлүмү
Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары
Бөлүм тарабынан Конституциялык соттун судьяларынын ишин аналитикалык жана эксперттик камсыздоо жүзөгө ашырылат.
Коюлган милдеттерге жетишүү үчүн бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:
– конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болгон Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдуу күчүнө кире элек эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбооруна укуктук жана илимий анализ жүргүзөт;
– илимий-аналитикалык каттарды, анын ичинде чет мамлекеттердин конституциялык контролдоо органдарынын, эл аралык соттордун чечимдерин, соттук практиканы анализдөө менен, колдо болгон илимий доктриналарды көрсөтүү менен даярдайт;
– Конституциялык соттун жана Конституциялык соттун судьяларынын коллегияларынын актыларынын долбоорлорун даярдайт;
– ишти Конституциялык соттун кароосуна даярдаган судья-баяндамачынын тапшырмаларын аткарат;
– илимий-аналитикалык каттарды жазууда колдонула турган аналитикалык жана илимий материалдарды сактоочу атайын базаны түзөт;
– Конституциялык соттун ишине тиешелүү илимий-аналитикалык, маалыматтык-маалымкаттык жана башка материалдарды түзөт;
– төраганын, анын орун басарынын, судьялардын, аппараттын жетекчисинин жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунуштарын эске алуу менен Конституциялык соттун тиешелүү жылга иш планынын долбоорун иштеп чыгат;
– Конституциялык соттун жылдык отчетунун долбоорун даярдайт;
– өз ыйгарым укуктарынын чегинде Конституциялык соттун төрагасынын жана аппараттын жетекчисинин актыларынын аткарылышын уюштурат;
– Конституциялык соттун төрагасынын жана анын орун басарынын, судьяларынын, аппаратынын жетекчисинин тапшырмаларын аткарат.
НУРБЕКОВА Назгуль Садырбаевна
Бѳлүм башчы
1988-жылдын 16-ноябрында Талас шаарында туулган.
2011-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
2014-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин «Финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
[09.2011-04.2012] Кыргыз Республикасынын Социалдык ѳнүктүрүү министрлигинде эмгек келишим боюнча Адам ресурстарын башкаруу боюнча бѳлүмүнүн жетектѳѳчү адиси;
[04.2012-08.2013] Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы министрлигинде Жаратылыш ресурстарынын саясат башкармалыгынын Жер казынасын пайдалануу боюнча саясат бѳлүмүнүн адиси;
[08.2013-06.2017] Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын улук консультанты;
[06.2017-04.2022] Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын Соттук отурумдарды уюштуруу бѳлүмүнүн башчысы.
[04.2022] Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аналитика бѳлүмүнүн башчысы.
Байланыш телефону: 0 (312) 66-07-83
E-mail: n.nurbekova@constsot.kg