Меню навигации+

Конституциялык соттун Аппаратынын Жетекчиси


  ДЖАМАНКУЛОВ Марат Тургунбаевич

photo

Аппарат жетекчиси

Джаманкулов Марат Тургунбаевич 1979-жылы 4-июнда Ысык-Көлдүн Пржевальск шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Кыргызстан – Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин “Юриспруденция” адистигин аяктаган. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында “Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адам ресурстарын башкаруу” адистиги боюнча магистратураны аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Эмгек жолу:
2001 – 2002 – КР Юстиция министрлигинин мыйзамдарды даярдоо жана нормативдик укуктук актылардын долбоорун укуктук экспертизадан өткөрүү башкармалыгында адис, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлору ишмердигин координациялоо борборунун башкы башкармалыгында алдыңкы адис, ушул эле мекемеде башкы адис;
2002 – 2005 — КР Юстиция министрлигинин реформалоо жана кылмыш-аткаруу системасын өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчи орун басары, жетекчиси;
2005 – 2009 — КР Юстиция министрлигинин кылмыш аткаруу системасын реформалоо башкармалыгынын жетекчиси;
2009 – 2010 — Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкы башкармалыгынын жетекчиси;
02.2010 – 04.2010 — Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттигиндеги эксперттик кызматта эксперт;
09.2010 – 12.2010 — КР Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүндө эксперт;
12.2010 – 2012 КР Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүндө эксперт;
2012-2014 – КР Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүндө эксперт;
04.2014–05.2015 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
05.2015–10.2016 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
11.2016–07.2017 Конституциялык палатанын төрагасынын кеңешчиси;
07.2017–09.2018 Конституциялык палатанын Аппаратынын башчысы;
09.2018 – 02.2021 КР юстиция министри;
02.21 – 02.2022 эл аралык долбоорлордо укуктук эксперт, консультант;
02.2022 – КР Конституциялык сотунун Аппаратынын башчысы.
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Президентинен баалуу белек (өздүк саат), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен баалуу белек (өздүк саат), “Юстициянын отличниги”, “Мамлекеттик кызматтын отличниги”, “Жазык аткаруу системасынын отличниги” төш белгилери жана башка ар кандай мамлекеттик органдардын сыйлыктары менен сыйланган.


Байланыш телефону: (0 312) 62-18-62
E-mail: m.dzhamankulov@constsot.kg