Меню навигации+

Укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмү

Бөлүмдүн милдеттери жана функциялары

 

Бөлүмдүн милдети Конституциялык соттун маалыматтык-маалымдамалык ишмерлигин камсыздоо болуп саналат.
Коюлган милдетке жетишүү үчүн бөлүм кийинкидей функцияларды аткарат:
– Конституциялык соттун чечимдеринин аткарылуусун камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишмерлигин изилдейт, жалпылаштырат жана мониторинг жүргүзөт, алар менен чечимдердин аткарылуусу маселелери боюнча иштешет жана Конституциялык соттун чечимдеринин аткарылуусу боюнча маалымат даярдайт;
– ченем жаратуучу органдарга тапшырмасын камтыган Конституциялык соттун чечимдери боюнча каттардын долбоорлорун даярдайт;
– Конституциялык соттун укуктук көз караштар базасын түзөт жана актуалдуу абалда кармап турат;
– бөлүмгө келип түшкөн материалдар боюнча чет өлкөлөрдүн конституциялык контролдоо органдарынын укуктук көз караштар базасын түзөт;
– Конституциялык соттун чечимдеринин анализинин негизинде өлкөдөгү конституциялык мыйзамдуулуктун абалы тууралуу маалымат даярдайт;
– Конституциялык сотко келип түшкөн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын (актылардын кагаз бетиндеги нускаларын контролдук абалда эсебин жүргүзөт жана кармап турат), ошондой эле маалымдама жана маалыматтык-анлитикалык материалдардын систематизациясын жүзөгө ашырат;
– илимий-аналитикалык, маалымат-маалымдама жана башка материалдардын, анын ичинде жергиликтүү жана чет өлкө конституциялык мыйзамдары, чет өлкө сот тажрыйбасы, конституциялык юстиция тажрыбасы туурасында топтомду жүзөгө ашырат;
– Конституциялык соттун дарегине келип түшкөн Конституциялык соттун судьяларынын изилдөөсүн талап кылбаган маселелер болгон кайрылууларды алдын ала тартипте карайт;
– белгиленген тартипте Конституциялык соттун актыларын таратат жана жарыялайт;
– “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысы” аттуу Конституциялык соттун расмий басылмасынын редакциялык даярдыгын камсыз кылат;
– Конституциялык соттун зарыл электрондук жана китеп, жазылма басылмалары менен камсыз кылат, Конституциялык соттун китепканасын такай толуктап турат жана керектүү абалды кармап турат;
– Конституциялык соттун китепкана жагынан тейленишин камсыз кылып турат;
– Конституциялык соттун чечимдеринин маалыматтар базасынын системалык эсебин жүзөгө ашырат;
– Төраганын тапшырмасы боюнча жалпы юрисдикция сотторунда Конституциялык соттун кызыкчылыктарын көздөйт;
– Конституциялык соттун аппарат жетекчисинин тапшырмасы боюнча конституциялык сот өндүрүшүнө байланышпаган маселелер боюнча келүүчүлөрдү кабыл алат;
– Конституциялык соттун тиешелүү жылга карата иш планынын долбооруна киргизүү үчүн бөлүмдүн ишмерлиги боюнча сунуштарды киргизет;
– Конституциялык соттун төрагасынын, анын орунбасарынын жана судьяларынын, ошондой эле аппарат жетекчисинин тапшырмаларын аткарат.


Демин Сергей Николаевич

demin

Укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу
С.Н. Демин, улуту орус, 1954-жылдын 15-апрелинде Казахстандын Караганда шаарында туулган, билими жогорку.
Мамлекеттик кызматтагы жалпы стажы 40 жылдан ашык, ошону менен бирге юридикалык стажы 25 жылдан жогоруну түзɵт.

 

ЭМГЕК ЖОЛУ:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн Аппараты сыяктуу ар кайсыл мамлекеттик органдарынын жооптуу кызматтарында иштеп, чоң тажрыйбага ээ болгон.
«Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» атайын класстык чини, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи» ардактуу наамы ыйгарылган.
2022-жылдын 1-апрелинен баштап, чечимдердин аткарылуусунун анализи жана мыйзамдарды систематизациялоо бөлүмүнүн (ал эми 2022-жылдын 11-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмү) башчысынын милдетин аткаруучусу болуп дайындалган.


Байланыш телефону: (0 312) 62-15-17
E-mail: s.demin@constsot.kg