Меню навигации+

Төраганын кеңешчиси

ДЖАМАНКУЛОВ Марат Тургунбаевич

DSC_0090 1

1979-жылы Ыссык-Көл областынын Пржевальск шаарында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 2001-жылы Кыргызско-Россия Славян университетинин юридикалык факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн.

2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында “Персоналды башкаруу” багытында “Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адам ресурстарын башкаруу” адистешүүсү боюнча магистратураны бүтүргөн.

 

Эмгек ишмерлиги:

 

2001-2002 гг. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча башкармасында эмгек келишими боюнча адис, Башкы башкармалык – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борбордун жетектөөчү адиси;
2002-2005 гг. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн башчысынын орунбасары, башчысы;
2005-2009 гг. — Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумун реформалоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы;

2009-2010 гг. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкы башкармалыктын башчысы;

02.2010 г. – 04.2010 г. – Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин эксперттик кызматынын эксперти;
09.2010 г. – 12.2010 г. – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
2012-2014 гг. — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
04.2014 г. – 05.2015 г. – Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
05.2015 г. – 10.2016 г. – Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
11.2016 г. – по настоящее время – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасынын кеңешчиси.

 

Юстициянын 1 класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын 1 класстагы кеңешчиси, ички кызматтын полковниги.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен баалуу белек (кол сааты), “Юстициянын мыктысы”, “Мамлекеттик кызматтын мыктысы”, “Жазык-аткаруу тутумунун мыктысы” төш белгилери, Башкы прокуратурасынын, Юстиция министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Энергетика министрлигинин, ИИМ, ӨКМ, ЖАМК, ФЧМК, Улуттук олимпиада комитетинин, Афганистан ветерандарынын Россия союзунун ж.б. ведомстволук медалдары жана сыйлык белгилери менен сыйланган.

 

Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.

 

Байланыш телефону: (0 312) 62 18 62

E-mail: m.dzhamankulov@constsot.kg