Меню навигации+

Конституциялык соттун Аппаратынын Жетекчиси


МАСАЛБЕКОВ Каныбек Толубаевич


Аппарат жетекчиси

Масалбеков Каныбек Толубаевич 1979-жылдын 6-июлунда Жалалабад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөн.
2000-жылы «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча Кыргызстандын Эл Аралык Университетин аяктаган. 2002-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Кыргызстандын Эл Аралык Университетинин магистратурасын аяктаган. Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

Эмгек жолу:

2001-2006жж. – Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин туризм инфраструктурасын ѳнүктүрүү жана кадрлардын даярдоосун пландаштыруу бѳлүмүнүн башкы адиси, бѳлүм башчысы, туризм, эл аралык байланыштар жана маркетинг бѳлүмүнүн башчысы, туризм башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;
2007-2009жж. – ЖЧК «Cosmo» аткаруучу директору;
2009-2015жж. – жеке ишкер;
03.2015-04.2015жж. -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин инвестиция жана тышкы байланыштар бѳлүмүнүн башчысы;
04.2015-04.2017жж.- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын эл аралык бѳлүмүнүн башчысы;
04.2017-04.2022жж.- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын эл аралык байланыштар жана мыйзамдардын салыштырма анализи секторунун башчысы;
04.2022-03.10.2023жж. – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун эл аралык байланыштар жана мыйзамдардын салыштырма анализи бөлүмүнүн башчысы;

03.10.2023ж.-Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппаратынын жетекчиси.

Сыйлыктар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2-даражадагы “Ак ниет кызматы үчүн” медалы менен ;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен;

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Ардак грамотасы менен;

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан  ыраазычылык кат менен сыйланган.
 
Байланыш телефону: (0 312) 62-18-62
E-mail: k.masalbekov@constsot.kg