Меню навигации+

АБДИЕВ Курмантай

DSC_0509

Конституциялык палатанын судьясы

1949-жылдын 1-октябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Билими жогорку, 1978-жылы Кыргыз Мамлектеттик Университетинин юридикалык факультетин аяктаган, адистиги «укук таануу».

Өзүнүн эмгек ишмердүүлүгүн 1966-жылы Совет районунун «Совет» совхозунда жумушчу катары баштаган. 1968-1970-жылдары СССРдин Аскер күчтөрүндө кызмат өтөгөн. 1971-жылдан тартып 1973-жылга чейин техник-газовщик, электросварщик, темирчи болуп Совет районунун «Совет» совхозунда эмгектенген.

Кыргыз Мамлектеттик Университетинин юридикалык факультетин аяктагандан кийин, 1978-жылдан тартып адистиги боюнча эмгек ишмердилүүгүн баштап, Фрунзе шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын стажеру, тергөөчүсү, ага тергөөчүсү болуп иштейт.

 

1982-жылдан тартып 1984-жылга чейин Кыргыз ССРнин прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын прокурору, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүнүн милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

1984-жылы Фрунзе шаарынын Свердлов районунун прокурорунун орун басары болуп дайындалган. Бул кызматта эки жыл кызматтанып, 1986-жылы Ленин районун прокурорунун кызматын ээлейт.

1990-жылдан 1992-жылга чейин тергөө башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары, төргөө бөлүмүнүн начальниги, Республиканын Прокурорунун милдетин аткарган.

1992-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган, 1994-1998-жылдары Талас облусунун прокурору, 1998-1999-жылдары Нарын облусунун прокурору.

Кийинчерек, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2000-жылдан 2001-жылга чейин Ош облусунун прокурору болуп кызматтанган. 2001-жылдан 2006-жылга тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары-Аскер прокурору. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары болуп дайындалган.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 191 буйругу менен «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодесинин 27, 28-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басарынын кызматынан бошотулган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин таркатууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын кадрынын карамагына 2009-жылдын декабрына чейин турган.

2009-жылдан 2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин кызматын ээлеген.

2010-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V жыйынына «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланган.

2015-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

 

Класстык чини: 3-класстагы мамлекеттик кеңешчи.