Меню навигации+

АЙДАРБЕКОВА Чинара Аскарбековна

aidarbekova

Конституциялык соттун судьясы

1970-жылдын 11-мартында Талас областынын Ленинполь районунун Ленинполь айылында туулган.
1992-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистиги боюнча аяктаган.
2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу Академиясын аяктаган, мамлекеттик башкаруу магистри даражасына ээ.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1992-1997-жж. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук элдик депуттар кеңешинин административдик комиссиясынын катчысы;
1997-жылды март айынан тартып 1998-жылдын февраль айын кошкондо Кыргыз Республикасынын Мамлекттик мүлк Фондунун башкы адиси болуп иштеген;
1998-жылдын февраль айынан тартып 1999-жылдын сентябрь айын кошкондо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынын улук консультанты;
1999-2006-жж. АРД/Чекки (ЮСАИД) комерциялык укукту ѳнүктүрүү добоорунда юрист, улук юрист жана улук юрист-менеджер;
2005-2007-жж. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Магистратура, аспирантура жана башка улуттук билим берүү программалар борборунда конституциялык укук предмети боюнча улук мугалим;
2007-2013-жж. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чуй областтык юстиция башкармалыгынын башчысы, Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлодун экспертизалоо Башкы башкармалыгынын жетектѳѳчүсү;
2013-2020-жж. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы;
2020-2022 жж. “Аял-судьялардын кыргыз ассоциациясы” КБ, Байкоочу кеңештин төрагасы;
2021–2022 жж. ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоору, сот бийлигинин жана укуктук кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Программанын жетекчиси;
2022-жылдын 07-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болуп шайланды.

Класстык чен: Биринчи квалификациялык класстагы судья, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин юбилейлик медалы менен сыйланган.

“Кыргызстандын юристтери” Ассоциациясынын, Кыргыз Аял-судьяларынын ассоциациясынын, Кыргыз Республикасынын Аял-судьяларынын эл аралык ассоциациясынын, Судьялар кеңешинин мүчөсү
Үй-бүлѳлүү, төрт баласы бар.