Меню навигации+

БОБУКЕЕВА Меергул Рыскулбековна

bobukeeva

Конституциялык соттун судьясы

2012-жылдын 21-ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатанын судьясы.

1970-жылы 20-декабрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылында туулган. Улуту боюнча кыргыз. 1988-жылы СССРдин 50 жыл атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшырган.

Бобукеева М.Р. эмгек тажрыйбасын 1993-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинде мыйзам долбоорлорун даярдоо башкармалыгында адис катары баштап, башкы адис, бөлүмдүн башчысы, башкармалыктын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Бул мекемеде иштеп жатып, Жер кодексинин, «Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө», «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө», «Дыйкан чарбасы жөнүндө» мыйзамдардын долбоорун иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү катары активдүү иш алып барган.

1999-2001-жылдары KNOW HOW Британдык фондунун «Жер жана агрардык реформа» долбоорунда юрист болуп эмгектенген.

2001-2008-жылдары «Калыс Консалт» коомдук фондунун улук юристи болуп иштеген. Аталган фонддун ишинин алкагында Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү министрлиги тараптан каржылануучу долбоорлордун менеджери катары «Жер мамилелер чөйрөсүндө талашты чечүүнүн альтернативдүү ыкмаларын киргизүү», «Агрардык чөйрөдөгү бейтарап соттор» долбоорлорун ишке ашырган.

2004-2012-жылдары Бишкек шаарынын Эл аралык Бейтарап сотунун арбитри болгон.

2008-2010 жылдары Мин жылдыктын чакырууларынын эсеби баштапкы программасынын алкагында ишке ашырылган «Сот реформасына көмөк көрсөтүү» USAID/DPK Consulting долбоорунун укуктук маселелери боюнча кенешчиси катары эмгектенген.

2010-2012-жылдары FNT Consulting, USAID, Европалык союз, БУУОП, IDLO уюмдарында сот системасына жардам көрсөтүү жана оптималдаштыруу маселелери боюнча көз карандысыз эксперт болуп иштеген. «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзам долбоорун негизги иштеп чыгуучулардын бири болгон.

1999-жылдан тартып «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясынын мүчөсү.

2016-жылдын 1-июлунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы.
2019-жылдын 21-ноябрынан тартып 7 жылдык ыйгарым укуктар мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу судьялык ыйгарым укуктары токтотулган.
2020-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан жаш курагынын чегине чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланды.
Жогорку квалификациялык класстагы судья