Меню навигации+

НАРЫНБЕКОВА Айсалкын Омуралиевна

DSC_0095 1

Конституциялык палатанын судьясы

1965-жылы 1-августта Ош облусунун Фрунзе районунун Орозбеков айылында туулган. Жогорку билимдүү, улуту кыргыз, 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктап, «укук таануу» адистиги боюнча «юрист» квалификациясы ыйгарылган.

А.О.Нарынбекова өзүнүн эмгек тажрыйбасын 1982-жылы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Ош облусунун Фрунзе райондук бөлүмүнүн катчысы катары баштаган. 1984-жылдан 1986-жылга чейин Фрунзе райондук аткаруу комитетинин ички иштер башкармалыгында катчы болуп эмгектенген. 1986-1991-жылдары СССРдин 50-жыл атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетинде билим алган.

А.О.Нарынбекова адистиги боюнча эмгек тажрыйбасын 1992-жылы М.В. Фрунзе атындагы Кадамжай сурма комбинатынын юридика бөлүмүндө юристконсулттун милдетин аткаруучу катары баштап, 2-категориядагы юристконсулт, юристконсулт, юридикалык бюронун башчысы, юридикалык бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенген.

2001-2004-жылдары жеке адвокаттык ишмердүүлүктү алып барган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 10-июлундагы №229 буйругу менен Баткен облусттук сотуна судья кызматына дайындалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 22-августундагы №5 буйругуна ылайык 3-квалификациядагы класс ыйгарылган. 2006-жылдын 4-мартында жарандык иштерди кароодо жетишкен ийгиликтери үчүн жана жарандардын сотко болгон ишеничин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Баткен облусттук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-апрелиндеги №129 буйругу менен Баткен облусттук сотунун төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.

2009-жылдын 7-декабрында көп жылдык жана кынтыксыз эмгеги үчүн сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүдөгү маанилүү салымы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 85-жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 30-мартындагы №103 буйругуна ылайык 2-квалификациядагы класс ыйгарылган.

2013-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына судья болуп шайланган.