Меню навигации+

СААЛАЕВ Жедигер Ибраимович

DSC_0090 1

Конституциялык палатанын судьясы

1961-жылдын 27-мартында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген.

Айылдык орто мектептен кийин Кырмамуниверситетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, аны 1983-жылы, ал эми ошол эле КММУнун юридикалык факультетине 1994-жылы тапшырып, 1996-жылы артыкчылык диплому менен бүтүрүп чыккан.

Эмгек жолун 1983-жылы «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитинин кабарчысы болуп баштаган жана 1988-жылы жаңыдан түзүлгөн Кыргызстан театр ишмерлер союзуна, драматургия бөлүмүнүн башчысы кызматына которулган. 1990-жылы өз устаттарынын чакыруусу менен КММУнун жалгыз журналистика кафедрасынан турган журналистика бөлүмүнүн улук окутуучусу болуп окутуучулук ишин баштаган. Көп өтпөй эле кафедра башчысы болуп шайланган. 5 жыл иштеп, жаңы кафедраларды ачуу менен бөлүмдү кеңейтип, өзүнчө факультетке айландырууга жетишкен.

1996-жылы КТРдин жетекчилигинин чакыруусу менен улуттук телевидениеге, “Ата журт” чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин (ЧӨБ) продюсери-башкы редактору кызматына өтүп, 6 айдан соң “Манас” ЧӨБүнүн продюсери-башкы редактору болуп иштеген.

1997-жылы экинчи жогорку билими боюнча Ж.Баласагын атындагы КМУнун Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун (КККЖИ) мамлекеттик укук кафедрасына улук окутуучу болуп кайтып келет. Бул жерде андан ары директордун орун басары, Кыргызстан боюнча регионалдык кафедрасынын башчысы кызматтарында иштеген.

2004-жылы бул институттун базасында Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА) түзүлүүсү менен ал жетектеген “Кыргызстан боюнча регионалдык кафедрасы” жоюлуп, Ж.Саалаев КМЮАнын редакциялык-басма бөлүмүнүн башчысы, ал эми ушул жылдын ноябрь айынан академиянын “Мамлекеттин жана укуктун теориясы жана тарыхы” кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2011-жылга чейин КМЮАнын “Административдик жана финансы укугу” кафедрасынын доценти катары айкалыштыруу жолу менен окутуучулук кызматын аркалап келген.

2005-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы кызматына, ал эми 2006-жылдын январынан КР Өкмөтүнүн тиешелүү токтому менен “Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.

2007-жылы 12.00.02 – Конституциялык укук жана 12.00.14 – Финансы укугу адистиктеринин тогошуусунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетин башкаруунун укуктук негиздери” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

2008-жылдын июнунда Бакиев режими тарабынан эч кандай себеби жок, “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген шылтоо менен «Кыргыз Туусу» Басма үйүнүн директору – башкы редактору кызматынан бошотулган. Бирок ага эч кандай башка кызмат сунушталган эмес.

2008-жылдын сентябрынан баштап, Чүй университетинде адегенде мамлекеттик тил жана жаштар саясаты боюнча проректор, андан соң ЧУнун ректору болуп иштеген.

2010-жылдын сентябрынан Ж.Баласагын атындагы КМУга Юридикалык институттун директорунун орун басары кызматында кайтып келген, андан соң аталган окуу жайынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалган. Бул жерде айкалыштыруу менен 2015-жылга чейин Илим, инновациялар жана мамлекеттик тил борборунун башкы илимий кеңешчиси болуп иштеп келди.

2011-жылдын июнь-октябрь айларында ректордун дайындоосу менен Ж.Баласагын атындагы КМУнун журналистика факультетинин деканы болуп иштеди.

2012-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына Кыргыз Республикасынын Президентинин эксперти (спичрайтери) кызматына дайындалган. Спичрайтер институтунун жоюлгандыгына байланыштуу 2012-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн аналитикалык иш секторунун эксперти болуп которулган.

2013-жылдын 28-августунда «Кыргыз Туусу» Басма үйүнүн директору – башкы редактору кызматына кайрадан дайындалган. 2015-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган.

2020-жылдын 8-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судья-катчысы.

Жогорку квалификациялык класстагы судья

Үй-бүлөлүү. Уулу жана эки кызы бар.

Публицистика, поэзия жана драматургия менен алектенет. «Жөрөлгө», «Башат», «Аргасыздык ырлары», «Аттануу», «Аламан», “Арыбагын, Күн!”, “Ак куулар” ыр жыйнактарынын, «Бакдөөлөттүн жазы…» илимий-публицистикалык китебинин, бир катар пьесалардын, көптөгөн очерктердин, илимий жана көркөм-публицистикалык макалалардын автору. 1991-жылы “Башат” ыр китеби үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон. Коомдук ишмер катары 1994-2000-жылдары айкалыштыруу менен Кыргызстан журналисттер союзунун төрагасынын орун басары, 2006-2009-жылдары КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Коомдук телерадиоберүүлөр корпорациясынын (КТРК) Байкоочулар кеңешинин мүчөсү болуп иштеген.

Кыргызстан жазуучулар союзунун Башкармалыгынын Президиумунун мүчөсү, Кыргыз Републикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (“Кыргызпатент”) авторлор кеңешинин Президиумунун мүчөсү болгон. Министрликтер менен административдик ведомстволордун көптөгөн сыйлыктарынын жана Ардак Грамоталарынын, анын ичинде КР юстиция министрлигинин Ардак Грамотасынын ээси, Эл аралык коомдук Чыңгыз Айтматов атындагы академиянын, эл аралык Поэзия академиясынын академиги.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.