Меню навигации+

ЖОЛДОШЕВА Лунара Чаткалбековна

zholdosheva

Конституциялык соттун судьясы
1978-жылдын 27-январында Талас шаарында туулган. Кыргызстандын эл аралык университетинин Дипломатия жана эл аралык укук факультетинин жана Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин Юриспруденция факультетинин бакалавры. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында Сот бийлиги, прокурордук көзөмөл жана адвокатура адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Юридикалык кесипке ээ болгондон кийинки эмгек ишмердиги:
2000 – 2007 гг. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты;
2007 – 2011 гг. – министрдин жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн начальниги;
2011 – 2015 гг. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары;
2015 – 2021 гг. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот–укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн сот-укуктук маселелер боюнча секторунун башчысы;
2021 –2022 гг. – Судьяларды тандоо боюнча кеңештин төрагасынын орун басары;
2021 –2022 гг. – “Медиация улуттук борбору” коомдук бирикмесинин юристи;
с 2022 года – азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине чакырылуучу лектор;
07.12.2022 г. – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болуп шайланды.

Кыргыз Аял-судьяларынын ассоциациясынын мүчөсү
2023-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын Шаньдун тышкы соода кесиптик колледжинин тышкы байланыштар боюнча Кыргыз Республикасындагы жооптуу адамы болуп саналат.
2025-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары.

Класстык чени: Биринчи класстагы квалификациялык судья, Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Ардак грамоталар:

– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “Ак ниет эмгеги үчүн жана Кыргыз Республикасынын юристтер күнүнүн урматына”;

– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Көп жылдык ак ниет эмгеги, парламентаризмди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн”;

– Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин Ардак грамотасы

Сыйлыктар:
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн” “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” медалы;

– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Юстициянын отличниги” медалы;

– Башкы прокуратуранын “Өз ара аракеттешүүсү жана кызматташуусу үчүн”медалы;

– “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгы” юбилейлик медалы.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Ак нийет кызматы үчүн” медалы менен

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы менен

Үй-бүлѳлүү, үч баласы бар.